Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы 3-мартта Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) талкаланган командалык борборлору жана базалары деген сүрөт, видеолорду жарыялады.
2-мартта америкалык аскерлер ИРСКнын аскердик башкаруу жайлары, командалык борборлору жана базалары жок кылынганын билдирген.Мекеме тараткан маалыматта америкалык күчтөрдүн узакка созулган операцияларынын жүрүшүндө мындан тышкары Ирандын абадан коргонуу каражаттары, ракета жана дрон учуруучу жайлары жана аскердик аэродромдорду жок кылынганы айтылган.
Ал тапта 3-марттын таңында Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын Бахрейндин Шейх-Иса районунда жайгашкан авиабазаларына "учкучсуз учак жана дрон менен масштабдуу чабуул койгонун" жарыялады. Расмий IRNA маалымат агенттиги ИРСКга таянып учкучсуз учактардан 20 даана, ракеталардан үчөө учурулганын, "базанын башкы командалык пункту" жок кылынганын жазды, бирок эч кандай далил келтирген жок.
Омандын Дукм шаарынын аймагы Ирандын дрон чабуулуна кабылды. Бул тууралуу 3-мартта Омандын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги билдирди.
Дрон менен Дукм портундагы мунай сактоочу жайга сокку урулганы белгилүү болду.
"Чабуулдун кесепетинин жайылышына жол берилген жок, эч ким жабыркаган жок", - деп билдирди агенттик.
Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы өзөктүк сүйлөшүүлөргө Омандын дипломаттары ортомчу болуп жаткан. Бул өлкөгө сокку буга чейин урулган эмес болчу, 1-мартта ирандык эки дрон Дукм портуна чабуул койгон. Ошондой эле Мусандам жарым аралынан болжол менен беш деңиз милясы аралыкта жайгашкан танкерине да ок атылган.
Израил Ливандын түштүк тилкесиндеги турумдарын бекемдөөдө. Израилдик армиянын (ЦАХАЛ) 3-марттагы маалыматына караганда, мурда ээлеп турган беш позициядан тышкары алар Ливандын түштүгүндө ичкери аймакка өз аскерлерин жайгаштырганы жатат. Муну израилдик тарап "алдыңкы катардагы коргонуу стратегиясын бекемдөө" деп атоодо.
Маалыматта айтылгандай, чек арада, Израилдин түндүгүндөгү коопсуздукту бекемдөө максатында "Галилия" аймактык дивизиясынын аскерлери бир нече жерге жайгаштырылууда.
ЦАХАЛ Израилге карата жаралып жаткан коркунучту жок кылуу, өлкө аймагына кирүүнү алдын алуу үчүн "Хезболланын" инфраструктурасына "максаттуу сокку" уруп жатканын айтууда.
Анын алдында Израилдин Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин өлүмүнө алып келген чабуулуна жооп катары "Хезболла" Израилдин түндүк аймагына ракета жана дрон менен чабуул койгон. Чабуулдар түнү бою жана 3-марттын таңына чейин уланган.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ менен биргеликте Иранга жасаган соңку соккуларынан кийин жалпы Жакынкы Чыгыш аймагы узакка созулган жаңжал абалда калат деген кооптонууларды четке какты. Бул тууралуу Politoco басылмасы 3-мартта жазды.
"Согуш үзгүлтүксүз уланат деп айтып жатышканын угуп жатам. Чексиз согуш болбойт. Бул тез жана чечкиндүү аракет болот жана биз алгач Иран элине өз тагдырын көзөмөлдөөгө жана демократиялык жол менен шайланган өкмөтүн түзүүгө шарт түзөбүз", - деди Нетаньяху.
Шерине