Иран АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулдарына жооп иретинде Американын Перс булуңундагы жана Ирактын Күрдстан аймагындагы америкалык базаларга, Израилдин шаарларына соккуларын 1-мартта улантууда.
28-февралда Тегеранга америка-израил биргелешкен чабуулунда Ирандын жогорку руханий лидери, консервативдүү революционер жана катаал башкаруучу катары таанылган аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөн.
Ирандын Ислам сакчылар корпусу билдиргендей, америкалык 27 база, Израилдин Тель-Ноф аба базасы, Тель-Авивде Израилдин армиясынын штаб-үйү, ири коргонуу өнөр жай комплекси бутага алынды.
Иран парламентинин өкүлү Мохаммад-Багер Галибаф өлкөнүн куралдуу күчтөрү чөлкөмдөгү америкалык жана израилдик объектилерге сокку урууну улантарын айтты.
АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеранды жооп чабуулдардан карманууга чакырды. Буга чейин Иран кечээги чабуулдарга жообу катуу болорун билдирген.
Жекшембиде БАЭнин Дубай шаарында, Катардын борбору Дохада, Оманда жана Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда жардыруулар болду. Ирандын өзүндө Хаменеинин өлүмүнө байланыштуу маанай ар кандай. Өлкө ичинде жана чет мамлекеттердеги ирандык айрым жарандар "ислам диктатурасына каргыш тийсин" деген чакырыктарды айтып, кубанып жатышат. Аятолланын өлүмүнө кайгыргандар да бар. AFP агенттигинин кабарчылары Дубайда, Дохада, Бахрейнде башкалаа Манамада жардыруулардын добуштары угулганын жазып жатат.
Дубайда ракеталык сокку эл аралык аэропортко тийген, имаратка зыян келтирилген, интернетте тараган сүрөт-видеолордон аба майдандын үстүнөн коюу түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот. Дубайдагы Бурж-эль-Араб мейманканасы да бутага алынган.
Ал тапта Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) жекшембиде аба күчтөрү Тегерандагы бийликке тиешелүү объектилерге соккуларды ура баштаганын жарыялады.
Ирандын расмий маалымат каражаттары 1-мартта Оманда порт жана анын жээктеринде мунай тарткан танкер аткыланганын жазышты.
Бул Иран америка-израил биргелешкен аскердик операциясына жооп кайтара баштагандан бери АКШ менен Тегерандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып келаткан Оманга биринчи сокку.
Иранда шиялардын таасирдүү диниятчысы Алиреза Арафи жогорку руханий лидердин милдетин аткара турган убактылуу кеңешке кирди. Бул тууралуу мамлекеттик ISNA агенттиги кабарлады. Аны көптөн бери аятолла Али Хаменеинин мураскери катары атап келишкен.
Ирандагы диний окуу жайлар тармагын башкарган Алиреза Арафи 67 жашта. Анын атасы Мохаммад Ибрагим Рухолла Хомейнинин (1902–1989) жакын досу, өзү 28-февралда өлтүрүлгөн Али Хаменеинин ишенимдүү өкүлү болгон. Арафи Конституцияны коргоо кеңешине жана жогорку лидерди шайлай турган Эксперттер кеңешине мүчө.
Израил менен АКШ биргелешкен аба соккуларын 28-февралда Иранга жасаган. Тегеран жооп кайтарып, АКШнын аскердик техника, кеме-учактары жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтерин, Катар, Кувейт, Израил жана башка мамлекеттерди бутага алган. 86 жаштагы Хаменеи Тегеранга урулган соккуда өлгөн.
Анын өлүмүнө байланыштуу Иранда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.
Орусиянын президенти Владимир Путин Хаменеинин өлүмүнөн улам Ирандын президенти менен элине көңүл айтканы Кремлдин сайтында жарыяланды.
Али Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин өлкөнү президент Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы жана Конституцияны коргоо кеңешинин мүчөсүнөн турган топ убактылуу башкарары жарыяланган.
Израилдин Ирандын Илам провинциясындагы Мехран базасына жасаган соккусунан 22 жоокер мерт болду, дагы кеминде 21 киши жараат алып ооруканага жеткирилди.
Бул тууралуу жекшембиде Tasnim маалымат агенттиги кабарлады. Ага ылайык, “бомбалоо менен коштолгон” чабуулда Имам Хомейни аянтындагы Мехран чек ара бөлүгү бутага алынган.
Ал арада Израилде Ирандын ракеталык соккусунан алты адам набыт болуп, дагы 23 киши жараат алды. The Times of Israel басылмасы Тез жардам кызматына шилтеме кылып Бейт-Шемеш шаарына баллистикалык ракета кулаганын жазды.
Өлкөдөгү 9-канал ракета жер тамга түшкөнүн, “Едино Ахронот” басылмасы соккуга синагоганын жанындагы жай кабылганын кабарлады.
28-феврада Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен операция баштаган. Тегеран жооп кайтарып, Израилге, Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШнын аскердик базаларын, жайларын бутага алган.
Шерине