Израилдин армиясы Ливандагы "Хезболла" тобуна тиешелүү жайларга сокку урганын билдирди.
"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.
Армиянын маалыматына караганда, бул соккулар аталган топтун чабуулдарына жооп ирээтинде жасалды.
Израил армиясынын Түндүк аскер округунун командачысы, генерал-майор Рафи Мило билдиргендей, Ливандын түштүгүнө жана Бейрутка жасалган соккулардын биринчи толкуну "жогорку даражадагы согушкерлерге, штабдарга жана террордук инфраструктурага" багытталган.
Бейрутка алгачкы соккулар урулгандан кийин Израил Ливандын чыгышындагы жана түштүгүндөгү дээрлик 50 айылдын тургундарын кийинки чабуулдардын алдында коопсуз жайга эвакуацияланууга чакырды.
Биринчи толкундан көп өтпөй экинчиси башталды. Израилдин Коргоо армиясы Ливандын бир нече аймагындагы "Хезболлага" таандык курал-жарак кампаларына жана инфраструктурасына сокку урганын маалымдады.
Associated Press агенттиги Ливандын Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен кабарлагандай, израилдик соккулардын кесепетинен кеминде 31 адам каза болуп, дагы 149 адам жараат алды.
Израилдин Коргоо армиясы ошондой эле түн ичинде Тегеранга ири масштабдагы соккулар жасалганын билдирди.
Иран өз кезегинде 2-марттын таңында Израил аймагына соккуларды улантты. AFP агенттиги Дохада (Катар), Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) жана Бахрейнде жарылуулардын үнү угулганын маалымдады. Дохадагы жарылуу тууралуу Reuters агенттиги да жазды.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык мекемелердин жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан маалыматка караганда, кеңешмеде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды. Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенге кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, кырдаал турукташканга чейин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга күнү-түнү тынымсыз мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.
Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) тобокелдик зонасында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын абалын жана санын тактоо, ошондой эле аларды коопсуз жерлерге убактылуу жайгаштыруу жана зарыл болгон учурда чыр-чатак аймагынан чукул эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
“Биз согуш жүрүп жаткан аймактагы жана аба мейкиндигинин жабылышынан улам аэропорттордо калып калган жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыбыз шарт. Бул биздин түздөн-түз милдетибиз”, - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.
Мунун алдында ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди. Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды.
Маалыматка караганда, 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.
Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашай турганы такталды.
Катарга круиздик саякат менен барган 67 кишинин виза мөөнөтү 7-мартка чейин узартылган. ТИМ кырдаал турукташпаса, аларды Сауд Арабиясына өткөрүп, андан ары Кыргызстанга учуруу пландалып жатканын билдирди.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан чабуул койду.
Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги Ирандын учкучсуз кыргын салуучу учактары Абу-Дабидеги француз аскер-деңиз базасын бутага алганын билдирди. Ирандын ракеталары Араб деңизиндеги америкалык согуштук кемеге сокку урду. Пентагон бул чабуул максатына жетпегенин билдирди.
Бириккен Араб Эмирликтери(БАЭ) эки күн ичинде ирандык 167 ракета асманда жок кылынганын, 35 дрон турак жайларга тийип, үч чет элдик жаран каза тапканын маалымдады. 58 киши ар түркүн жараат алган.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 2-мартта Сауд Арабиясынан, Бириккен Араб Эмирликтеринен, Катардан жана аймактагы башка өлкөлөрдөн өзбек жарандарын кайтаруу чараларын ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу gazeta.uz басылмасы жазды.
Бийликтин маалыматына ылайык, Сауд Арабиясына Өзбекстандан миңден ашуун зыяратчы барган. Каттамдардын токтотулушуна байланыштуу көптөгөн өзбек жарандары Бириккен Араб Эмирликтеринен уча албай калышкан.
Жарандарды кайтаруу боюнча каттамдарды Uzbekistan Airways, Centrum Air, Qanot Sharq жана Fly Khiva компаниялары ишке ашырмай болду.
Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандан учууларды макулдашуу үчүн тиешелүү мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.
Белгилей кетсек, Сауд Арабиясы менен Өзбекстандын ортосунда FlyOne (Молдова) жана Flyadeal (Сауд Арабиясы) авиакомпаниялары каттамдарын улантууда. 2-мартта Абу-Даби аэропорту ишин кайра жандандырды.
Премьер-министр Транспорт министрлигине экспорт-импорт операциялары үчүн альтернативдүү транспорттук коридорлорду иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Маалыматка караганда Өзбекстандын тышкы жүк ташуулары тогуз эл аралык коридор аркылуу жүзөгө ашырылат. Алардын бири Ирандын деңиз порттору аркылуу өткөн түштүк коридору. Бул багыт аркылуу экспорт менен импорттун олуттуу бөлүгү, анын ичинде Түркиядан жана Европадан келген жүктөрдүн 60% ташылат.
2025-жылдын июнь айындагы Иран-Израил согушу («Он эки күндүк согуш») маалында Өзбекстан тышкы экономикалык жүк ташуулардын туруктуулугун камсыз кылуу, баалардын өсүшүн алдын алуу жана жүктөрдү өз убагында жеткирүү үчүн чукул чараларды көргөн.
28-февралдан тарта АКШ жана Израил Иран аймагына сокку урууда. Жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуул жасады.
Тегерандагы Кызыл Жарым Ай коому 1-мартта АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккуларынын натыйжасында Иранда ушул убакка чейин 555 адам каза болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, чабуулдар өлкөнүн 131 шаарына жасалган. Жабыркагандарды куткаруу, медициналык жардам көрсөтүү жана эвакуациялоо улантылууда.
Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясынын Кризистик кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси акыркы эки күн ичинде Тебриз, Сараб, Мараге жана Шабестар шаарларындагы ар кандай жайлар соккуга кабылып, жалпысынан 42 адам каза болгонун маалымдады.
Каза болгондордун канчасы карапайым тургундар экени белгисиз.
28-февралда Хормозган провинциясындагы «Шажре Таййиба» аттуу мектепке жасалган ракеталык соккудан каза болгондордун саны 148ге жеткени кабарланды.
Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн айтымында, бул чабуулда 95тен ашуун адам жаракат алган, алардын көбү окуучулар болгон.
Бул сандарды көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн болгон жок.
28-февралдан тарта АКШ жана Израил Иран аймагына сокку урууда. Жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуул койду.
Шерине