Чыңгыз-хан Ордос жергесинде көмүлгөнбү?
Жергиликтүү монголдук уламышка караганда, 1226-жылы Чыӊгыз-хан ушул Ордос аймагы аркылуу жортуулга баратып, камчысын түшүрүп алган экен жана өзүнүн сөөгүн кийинчерээк ушул аймакка койгула деп керээз айтыптыр.
Эл аралык туруктуу алтай таануу (алтаистика) жыйынынын (Permanent International Altaistic Conference - PIAC/ПИАК) 52-жолу өткөрүлгөн жылдык отурумунун катышуучулары үчүн Кытайдын Ички Монголия автоном районунун Ордос аймагын кезүү абдан кызыктуу жана маанилүү окуя болду.
Айрым адистердин пикиринде, расмий Бээжин азыркы ички монголиялык жергиликтүү монголдорду өзүнө тартып, алардагы жикчилик маанайды таптакыр жоюу үчүн Чыңгыз-ханды эскерүү жаатында алдына ат салдырбай далаалат кылууда.
“Ордос” сөзү түрк-монгол элдеринин “ордо” – “хан турган жай” – деген сөзүнөн алынган жана ал монголчо көптүк түрдө колдонулган, башкача айтканда, аны “ордолор” деп которууга болот.
Түрк калктары да “ордо” сөзүн монгол чапкынына чейинки доорлордон тартып арбын колдонушкан. Маселен, Караханийлер каганатынын түндүк байтактысы Баласагун шаарынын дагы бир аталышы – “Куз Ордо” болгон.
Чыңгыз-хан Ордосто көмүлгөнбү?
Ички Монголиядан башка аймактарда жашаган монголдор таптакыр башка уламыштарды айтышат, бирок ордостуктар 1956-жылы өз уламышын ого бетер бекемдөө үчүн Чыңгыз-хандын бир жарым гектар аянтты ээлеген “көрүстөн жайын” куруп алышкан.
Чыңгыз-хан Ордосто көмүлгөнбү?
Чыңгыз-хан Ордосто көмүлгөнбү?
Бул жай көрүстөн аталган менен, анда Чыӊгыз-хандын сөөгү жок, бирок анын доорунан калганы түкшүмөлдөнгөн жана кылымдар бою дархаттар сактап келген бул улуу хандын дооруна таандык нерселер, маселен, Чыӊгыз-хан өлгөндө сөөгү убактылуу жаткырылып турган делген кийиз, анын ат жабдыктары же алардын көчүрмөлөрү сакталып турат.