Парламенттик шайлоого 416 млн. сом сарпталды

Шайлоодо добуш берүүгө кезек күтүп турган шайлоочулар. Бишкек ш. 4-октябрь, 2020-жыл.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого алдын ала бекитилген 442 млн. сомдун ордуна 416 млн. сомдон ашууну сарпталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдады. Анын айтымында каражатты үнөмдөө үйрөтүүчү сабактардын онлайн өткөнүнө байланыштуу, мындан тышкары эл аралык уюмдардан колдоосунун шарапаты менен мүмкүн болду.

Шайлдабекова ошондой эле шайлоо күрөөсүнө коюлган акча тууралуу да маалымат берди. 16 саясий партиядан ар биринен беш млн. сомдон 80 млн. сом түшкөн. Мунун ичинен 7% босогодон жана шайлоочулардын 5% кем эмес добушун топтогон партиялардын күрөө акчасы кайтарылып берилет. Калган акча мамлекеттик бюджетке жиберилет.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ага 16 саясий партия катышты. 5-октябрь, саат 11:00гө карата чыккан баштапкы маалыматтар боюнча, «Биримдик» партиясы - 24,5%; «Мекеним Кыргызстан» - 23,88%; «Кыргызстан» - 8,76% ; «Бүтүн Кыргызстан» - 7,13% менен жети пайыздык чектен өтүштү. Ал эми «Мекенчил» - 6,85%; «Республика» - 5,79% менен жалпы шайлоочулардын 5% көп добушун алышты. (ZKo)

Дагы караңыз

«Реформа»: Жыйынтык чыкмайынча мөөнөтсүз митинг улана беретАла-Тоо аянтындагы митингде кайрадан чуу чыктыБШК: Саат 11:00гө карата 2429 участоктун жыйынтыгы чыктыКараколдо жарандык активисттер нааразылык акциясына чыгыштыКыргызстанда мугалимдер күнү белгиленүүдөКМШ байкоочулары «шайлоо ачык жана атаандаштык негизде өткөнүн» белгилештиАдахан Мадумаров: Жеңдик деп айтууга ооз барбайт, бийлик арамдык менен аралашып кеттиКоронавирус 207 адамдан жаңы аныкталды