Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 31 шайлоо участогундагы мыйзам бузуу тууралуу арыздар бар. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова алардын баары иликтенип, тиешелүү чара көрүлөрүн эскертти. Ал ошондой эле арыздар келип түшкөн шайлоо участокторунда мыйзам бузулган тастыкталса, ал участоктун жыйынтыгы жокко чыгарыларын белгиледи.
Нуржан Шайлдабекова КМШнын байкоочулар миссиясы тарабынан жана башка байкоочулар тарабынан айтылган мыйзам бузуу фактылары шайлоонун жыйынтыктарына таасир эте албай турганын айтты. БШКнын төрайымы бүгүнкү күнү шайлоонун жыйынтыгы боюнча БШКнын дарегине айтылып жаткан ишенбестик тууралуу да айтып, партияларда азырынча даттанууга убакыт бар экенин кошумчалады. Анын айтымында арыз-даттануу, айыптоолор фактыларга негизделүүгө тийиш.
4-октябрда парламенттик шайлоого добуш берүү учурунда 25 мыйзам бузуу фактысы катталганын Башкы прокуратура да кабарлаган. Ага ылайык, добуш берүү күнү 25 факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Алардын 18 учуру Жазык кодексине, калганы Жоруктар кодексине тиешелүү иш катары катталды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, жалпы шайлоо өнөктүгүндө 138 арыз Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
БШКнын баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген.
Парламентке өтүш үчүн саясий партиялар республиканын деңгээлинде 7% босогону өтүүгө тийиш. Андан тышкары ар бир аймактан шайлоочулардын 0,7% добушун алышы керек. (ZKo)
Дагы караңыз
Шайлоо-2020: Опера жана балет театрынын жанында дагы төрт партиянын митинги өтүп жататБШК: Саат 11:00гө карата 2429 участоктун жыйынтыгы чыкты«Реформа»: Жыйынтык чыкмайынча мөөнөтсүз митинг улана беретАла-Тоо аянтындагы митингде кайрадан чуу чыктыКараколдо жарандык активисттер нааразылык акциясына чыгыштыКыргызстанда мугалимдер күнү белгиленүүдөКоронавирус 207 адамдан жаңы аныкталдыАдахан Мадумаров: Жеңдик деп айтууга ооз барбайт, бийлик арамдык менен аралашып кеттиCOVID-19 вирусун жугузгандар 35 миллиондон ашты