Парламент кезексиз жыйынга чогулары кабарланууда

Жогорку Кеңеш. 15-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаттары бүгүн, 6-октябрда кезексиз отурумга чогулары кабарланды.

Бул маалыматты КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев «Азаттыкка» ырастады:

«Кезексиз жыйын болот дешкенинен мен азыр Оштон учуп келдим. Кайсы жерде, саат канчада болорун эми тактайбыз».

Ал эми парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны тууралуу маалыматы жоктугун «Азаттыкка» билдирди. Анын маалымдаганы боюнча, Жогорку Кеңештин отурумдар залы талкаланган, анда жыйын өткөрүүгө мүмкүн эмес.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышкан. Митингчилер бул имаратка «Ордо» партиясынын лидери Мээрбек Мияровду комендант кылып дайындашканы кабарлаган. Бул партиянын өкүлдөрү Ак Үйдүн ичиндеги терезелер, идиштер, компьютерлер талкаланганын билдиришкен болчу.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады. (ZKo)

Дагы караңыз

Аянттагы митинг, чечилбеген кризисОшто нааразылык митинги улануудаПрезидент Сооронбай Жээнбеков: Шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болду Эки доско бир кыялОтунбаева: Президент кырдаалдын алдын алуу мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай калды Ошто "Азаттыктын" кабарчысына кол салуу болду (видео)Ак үйдүн митингчилер басып алгандан кийинки көрүнүшү