Аянтта каза болгон Үмүтбек жерге берилүүдө (видео)

Үмүтбек Алтынбек уулу.

Баткенде 5-октябрь түнү Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин болгон башаламандыкта каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу бүгүн жерге берилүүдө.

Аймактагы «Азаттыктын» кабарчысынын айтымында, тажияга кайсы бир саясий партиянын мүчөлөрү барган жок.

2001-жылы туулган Үмүтбек бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Ал кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып көз жумган.

5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон жети пайыздык босого чекти өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү жана тарапташтары мөөнөтсүз митинг массалык башаламандыкка айланып, 900дөн ашык адам жаракат алган. (JsA)

Дагы караңыз

Суваналиев: Учурда жалгыз легитимдүү орган - Коопсуздук кеңешиКурсан Асанов: камактан чыккан саясатчылардын маселеси жаңы өкмөт аныкталгандан кийин чечилетВице-спикер Касымалиева: Биз укук алкагына сөзсүз кайтып келебиз