Исаев: Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында кворум болгон жок (видео)

Канатбек Исаев.

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында кворум болгон жок деп эсептейт. Бул тууралуу депутат Исаев 11-октябрда «Азаттык» менен болгон маегинде айтты. Ал регламент боюнча жыйында кеминде 61 депутат болушу зарыл экенин, жыйынга анча депутат катышпаганын, андыктан «Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп шайланышы күмөн жаратарын» белгиледи.

«Жогорку Кеңештин жыйыны кворумсуз өткөрүлдү. Демек, кворум болбогондуктан жыйын мыйзамдуу күчкө ээ эмес», - деди Исаев.

Ал ошондой эле ишеним каттарга байланыштуу да суроолор бар экенин, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына «Кыргызстан» фракциясынан 10дон ашуун депутат катышпаганын, өзү да эч кимге ишеним кат бербегенин кошумчалады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Исаев: Парламент жыйыны мыйзамсыз өттү

10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн курамы бекитилген. Бул жыйынга мыйзам талап кылгандай 120 депутаттын жарымынан көбү катышканы расмий түрдө жарыяланган.

Бирок парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева баштаган айрым депутаттар, коомдук-саясий ишмерлер Жогорку Кеңештин жыйыны кворум жок өткөнүн жана андагы кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз экенин айтып чыгышты.

10-октябрда Садыр Жапаров кезексиз жыйындан кийин уюштурган басма сөз жыйынында ишке расмий киришкенин жарыялаган.

«Мекенчил» партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Касымалиеванын акыркы билдирүүсүн негизсиз деп мүнөздөп, Жапаровду кызматка бекитүүдө мыйзам бузуу болбогонун билдирди.

Күндүн темасы

Сооронбай Жээнбеков Роза Отунбаева менен жолукканы кабарландыВице-спикер Касымалиева: 10-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйыны легитимсизЖапаровдун легитимдүүлүгү кайрадан талаш жараттыШеримкулов: Президент парламенттик кайра шайлоо өткөндөн кийин гана өз эрки менен кызматын тапшырууга милдеттүү