Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы кезексиз жыйынында Кыргызстанда парламенттик шайлоодогу пайыздык босого, күрөө тууралуу маселе бир нече жолу көтөрүлдү. Жыйынга катышып жаткан өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров азыркы жети пайыздык чекке каршы экенин айтты:
«Үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат го, беш пайызга түшүрсөк болот. Беш миллиондук күрөөнү бир миллионго түшүрсөңөр деген сунушум бар. 120 деген санды 70-90го түшүрүп, андан кийин конституциялык реформага барсак туура болот».
Депутат Өмүрбек Текебаев да шайлоо босогосу боюнча эрежени өзгөртүш керек экенин айтты:
«Биринчи кезекте шайлоо босогосун жетиден үч пайызга түшүрүп, шайлоо күрөөсүн азайтыш керек. Бул жаш, жаңы, карапайым саясий күчтөрдүн парламентке келишине жол ачат».
Депутат Төрөбай Зулпукаров да парламентке өтүш үчүн азыркы пайыздык босогону өзгөртүш керек деп эсептей турганын айтты:
«Мен «11 пайызга көтөрүш керек» деп келген элем. Оюмдан кайттым. Себеби элдин талабы ушундай экен. Аны үч пайызга түшүргөн туура эле болот. Мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз керек».
Ошону менен катар Зулпукаров бир эле адам Жогорку Кеңешке эки жолудан ашык депутат боло албайт деген норманы киргизиш керек деген оюн билдирди.
Депутат Алтынбек Сулайманов да буга чейин айтылган сунушун талкуулоого чакырды. Ал 14-октябрда шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллионго түшүрүү, №2 форманы жок кылуу зарыл экенин айткан болчу.
Дагы бир депутат Махабат Мавлянова сөзүндө пайыздык босогону эки же үч кылууну эмес, партиялык система аркылуу шайлануу ыкмасын кайра карап чыгуу актуалдуу экенин белгиледи.
Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда парламентке өтүш үчүн шайлоого катышкан партиялар жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы зарыл. 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо мындай чектен 16 партиянын төртөө гана өтө алган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясы өлкөнү саясий кризиске алып келген. (RK)
Дагы караңыз
Дүйнөлүк медиа: «Кремлдин үнсүз макулдугу»Жапаров: Азырынча конституциялык реформа өткөрө албайбыз (видео)Шайлдабекова: Кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши мүмкүнТекебаев: Тарых алдында эбегейсиз бийликке ээ Жапаровдукунан кем эмес Ташиевдин жоопкерчилиги бар (видео)Жогорку Кеңеш президент Жээнбековдун кызматтан кетүү жөнүндө билдирүүсүн укту (видео)