Кыргызстанда конституциялык реформаны парламенттик кайра шайлоо өткөндөн кийин гана уюштурса болот. Бул тууралуу 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров айтты.
Жапаров ошондой эле президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү, парламенттик шайлоо уюштуруу эрежелери боюнча да пикирин билдирди:
«Президенттик шайлоонун күнүн аркы жумада белгилейбиз. 10-январдан ары өтпөшү керек экен, анткени 90 күн ичинде болууга тийиш. Парламенттик шайлоо боюнча: бир мандаттуу дегенди азырынча мен туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча партиялык система менен өтүшү керек экен. Эгерде антип өткөрбөй, конституциялык реформага барабыз десек, анда мыйзам чегинен четтеп кетчүдөй экенбиз. Үч пайызга түшүрөлү деген сунуш болуп жатат, аны өзүңүздөр чечиңиздер, бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат, беш пайызга түшүрсө болот го. Беш миллиондук күрөөнү бир миллионго түшүрсөңүздөр. 120 деген санды 70 же 90го түшүрүп, ушул парламенттик шайлоо менен келип, андан кийин гана конституциялык реформага барсак туура болот экен».
Азыркы мыйзамдар боюнча парламентке депутаттар партиялык тизме менен шайланат. Жогорку Кеңешке өтүш үчүн партия беш миллион сомдук күрөө коюп, жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы зарыл.
4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия катышып, алардын төртөө өткөн. Кийин нааразылык акцияларынан соң бул шайлоонун баштапкы жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарган.
Шайлоодон кийинки саясий кризис президенттин, парламент төрагасынын жана өкмөт башчысынын кызматтан кетишин шарттады. Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин 16-октябрда кабыл алды. (RK)