«Эркин-Тоо» гезитине Бахпурбек Аленов редактор болуп дайындалды

Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун 19-октябрдагы буйругу менен Бахпурбек Аленов «Эркин-Тоо» басылмасынын башкы редактору болуп дайындалды. Премьер-министрдин башка буйругу менен гезиттин мурунку башкы редактору Дыйканбек Керимбаев кызматынан бошотулду.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингдеринен кийин Кыргызстанда бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматын тапшырып, анын ордуна 6-октябрда митингчилер түрмөдөн бошотуп алган экс-депутат Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жатат.

Садыр Жапаров 14-октябрда президенттин жарлыгы менен өкмөт башчы болуп дайындалган. Бир күн мурун Жогорку Кеңештин спикери болуп шайланган Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан.

Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча мамлекет башчы мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетсе, анын милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Төрага милдетин аткаруудан баш тартса, бул милдетти өкмөт башчы өзүнө алат. (ZKo)

Дагы караңыз

Президенттик аппаратты Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт Мамлекеттик бажы кызматына жаңы төрага дайындалдыСадыр Жапаров: Шайлоо мыйзамы өзгөртүлсө, президенттик шайлоого барамЖапаров Улуттук банктын төрагасы менен каржы-банк системасындагы абалды талкуулады20-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалыматТИМ: Кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууландыАКШнын өкүлү Ооганстанда атышууну токтотууга чакырды