29-октябрга карата Кошмо Штаттарда соңку бир сутка ичинде 91 295 кишиден коронавирус табылды. Бул өлкөдө эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Буга чейинки жогорку сан 23-октябрда катталып, анда 24 сааттын ичинде COVID-19га чалдыккандардын саны 84 миңден ашкан.
АКШда пандемия маалында баш-аягы 8,9 миллион адам коронавирус жугузуп алганы ырасталды. Алардын 228 миңден ашууну көз жумду.
«Биз өтө кыйын жолдо турабыз. Туура эмес багытка кетип баратабыз», - деп билдирди өлкөнүн башкы инфекционисти Энтони Фаучи.
Ал өлкөнүн 47 штатында вирус жуккан адамдар көбөйүп жатканын, ооруканалар толуп баратканын кошумчалады. Ак үйдүн коронавируска каршы штабы штаттардын жетекчилерин илдеттин жайылышын токтотуш үчүн чечкиндүү чара көрүүгө чакырганы кабарланды.
Европада да COVID-19дун жайылуу көрсөткүчү кескин жогорулагандыктан карантин чаралары күчөтүлүүдө. Жакында Францияда жалпы элдик карантин жарыяланды. Германия да 2-ноябрдан тартып карантинге кайтканы жатат.
Дагы караңыз
Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучулардын бири тергөө менен кызматташуудан баш тарттыРахмон бешинчи президенттик мөөнөтүнө расмий кириштиНаркология борборунун кызматкерлери нааразылык акциясына чыгыштыФинпол: Акылбек Жапаровго тиешеси бар саналган «МИС» ишканасынын салыкка ири карызы аныкталды“Маңкурттун түшү жана арманы” сүрөттөрдө Эрлан Догдурбеков «ЭлТР» каналына жетекчи болуп дайындалды