Ош шаарында прокурор Улукбек Өмүрзаковдун тарапташтары аны үй камагына чыгарууну суранышты. 17-ноябрда алар басма сөз жыйынын өткөрүп, Өмүрзаковго жалган жалаа жабылып, куугунтукка кабылганын, эгер 15 күн ичинде чыгарылбаса нааразылык акциясын акимчиликте улантарын билдиришти.
12-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Өмүрзаков Ош облусунун аймагындагы көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн деген негизде кармалганын маалымдаган.
5-ноябрда Улукбек Өмүрзаков ага карата каралоо жүрүп жатканын билдирген.
3-ноябрда ошол кезде президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов Өмүрзаковдордун үй-бүлөсүнө даттанган. Жапаров анын айткандарын «жергиликтүү бийлик текшерип, карасын» деп жооп берген. Ыдырысов жыйында даттангандан кийин ага карата кысым болуп жатканын айтып чыккан.
Улукбек Өмүрзаков - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси. (DU)
Дагы караңыз
Ошто көмүр кенине байланыштуу иш боюнча кармалгандардын тарапташтары митингге чыгыштыУКМК прокурор Улукбек Өмүрзаковду кармады Ошто прокурор Улукбек Өмүрзаков кармалдыУлукбек Өмүрзаков Ош облустук прокуратурасына кайра которулдуЖапаровго даттанган адам, Өмүрзаковдун төгүндөөсүУКМК: ИИМ башчысынын биринчи орун басары Өмүрзаковдун иниси боюнча териштирүү жүрүп жатат