Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:29

УКМК прокурор Улукбек Өмүрзаковду кармады


УКМК 12-ноябрда тараткан сүрөттөр.
УКМК 12-ноябрда тараткан сүрөттөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 12-ноябрда Ош облусунун аймагындагы көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурушу мүмкүн деген факты боюнча облустук прокуратуранын улук прокурору кармалганын билдирди.

Маалыматта УКМКнын Антикоррупциялык кызматы президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун Оштогу сапарындагы эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургундун даттануусун иликтегени айтылат. Анын Ош облустук прокуратурасынын кызматкерине карата арыздануусунун негизинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы иликтенип жатканы белгиленген.

Бул факты боюнча Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору «Ө.У.» баштаган төрт жаран кармалганы маалымдалган. УКМКнын билдирүүсүндө прокурор Улукбек Өмүрзаковдун жана башка үч кишинин көзү жабылган сүрөттөрү да тиркелген.

Баштапкы иликтөөлөрдө «Мухаммед Умар» спорттук клубунун кызматкерлери кирген адамдар тобу 2020-жылдын январында «Жол чырак» жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр казган карьерине кирип барып, ишкананын өкүлдөрүн ал жерден чыгарып коюшканы, атайын техниканы басып алып, мыйзамсыз кен казганы, анда салык жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөбөй, 82 миллион сомдон ашык суммадагы көмүр казып, иштеткени аныкталганы да айтылган.

УКМКнын маалыматына караганда, кенди басып алгандар жергиликтүү бийлик органдарынын мыйзамсыз иштерди токтотуу тууралуу бир нече жолку эскертүүлөрү менен талаптарына көңүл бурган эмес. Учурда УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган мекеме аралык тергөө тобу бул фактыларды иликтөөгө киришкен.

Ошто 3-ноябрда Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов аймакта таасирдүү үй-бүлө болуп саналган Өмүрзаковдордун туура эмес аракеттери боюнча даттанган. Садыр Жапаров анын айткандарын «жергиликтүү бийлик текшерип, карасын» деп жооп кайтарган.

Канназар Ыдырысов жыйында даттангандан кийин өзүнө кысым болуп жатканын айтып чыккан.

Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков 5-ноябрда басма сөз жыйынын уюштуруп, өзүнө карата айтылган билдирүүлөрдү четке каккан жана каралоо деп баалаган.

Улукбек Өмүрзаков - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси. (NT/DU)

XS
SM
MD
LG