COVID-19: Ооруканада жаткан 113 бейтаптын абалы өтө оор

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан дарыланып ооруканада жаткан 3136 бейтаптын арасынан 52синин гана абалы канааттандырарлык, калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп баалап жатышат.

18-ноябрга карата расмий маалыматка караганда, 897 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 боюнча ооруканада жаткандардын 28% түзүүдө.

Бейтаптардын 3,6% өтө оор абалда, алардын жалпы саны 113 адам.

Мындан тышкары 2074 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 66% барабар.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 68 миңге чамалады. Алардын 1212си көз жумду. (RK)

Дагы караңыз

COVID-19: Кенияда кош бойлуу өспүрүмдөр көбөйдүКыргызстанда быйыл пневмониядан каза болгондор 2,5 эсе көпКыргызстанда «Медайымга рахмат айт» өнөктүгү башталдыЭсеп палатасы: Ооруканалар дары-дармек ташуучу компанияларга 360 миллион сом карызОш шаары COVID-19 эң көп жайылган аймак болууда