Депутат Акаев бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюуну сунуш кылды

Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды оптималдаштыруунун зарылчылыгын белгиледи. Ал мындай пикирин 24-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди. Депутат бүгүнкү күнү өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө муктаждык жок экенин белгилеп, президенттин иш башкармалыгын да азайтууну сунуш кылды:

«Президенттин иш башкармалыгынын бюджети 1 млрд. сомдон ашат. Президенттин аймактардагы резиденциялары максатсыз пайдаланылып же иштебей турат. Бир да президент ал резиденцияга барып, иштеп, элди кабыл алганын уккан жерибиз жок. Кыскартыш керек. Ушуга окшогон керексиз, акча талап кылган, бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюп, азайтыш керек».

Өкмөттүк аппараттын башчысы Бакыт Аманбаев Садыр Жапаровдун өкмөтү сунуш кылып жаткан үч багыттагы оптималдаштыруу, реформа боюнча иш башталганын билдирди. Анын айтымында, бул багытта атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат.

Программанын дагы бир катышуучусу, жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева өкмөттүн комиссиясына аймактардагы эркин эксперттерди кошууну сунуш кылды.

Расмий маалыматтар боюнча, ушу тапта мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда 28 миң адам иштейт. Алардын айлык акысына жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 48 млрд. сом сарпталат. (ZKo)

Дагы караңыз

Трамп бийликти өткөрүп берүүгө макул болду Текебаев: Мени депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу сот чечими - саясий чечимУКМК: Кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахметов тергөө бүткүчө камакта болотНАТОнун Ооганстандагы миссиясы боюнча чечим февралда кабыл алынатСот Текебаевге кайтарылып берилген мандатты жокко чыгарган чечимин түшүндүрдүЫсык-Көлдө уурулук үчүн шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалдыЭкономикалык мунапыс: Бир айлык мөөнөт аяктадыФинпол: Бишкектин Октябрь районунун акими кармалды