Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Ысык-Көлдө уурулук үчүн шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын февраль айынан октябрь айына чейинки аралыкта облустун Ак-Суу районунан жана Каракол шаарынан банк жана айрым соода түйүндөрүндө бир катар уурулук фактылары катталган.

Келтирилген жалпы чыгым 941 миң 250 сомду түзгөнүн аймактагы милиция тергөө учурунда аныктап чыкканын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, бул уурулук фактылары боюнча Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурулук») жана Жоруктар кодексинин 90-беренесинин («Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо») негизинде сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Буга байланыштуу жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында жакында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын жана уюшкан кылмыштуулука каршы күрөш бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери бул кылмыштарга шектүү адамдарды кармашты. Ак-Суу районуна караштуу Бөрү-Баш айылынын 31 жаштагы тургуну А.А. жана Чүй облусунун Лебединовка айылынын 35 жаштагы жашоочусу О.У. ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган.

Соттун чечими менен кармалган шектүүлөр камакка алынды.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, алардын башка кылмыштарга катышы бар-жогу текшерилип жатат. (KS)

XS
SM
MD
LG