Бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтү узарды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков ишкерликти текшерүүгө дагы бир жыл тыюу салуу тууралуу чечимге кол койду.

Кыргызстанда ишкерликти текшерүүгө киргизилген мораторий 2022-жылдын 1-январына чейин узарды.

Тиешелүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков кол койгонун 4-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коронавирус пандемиясы токтой электигине байланыштуу ишкерлерди колдоо максатында аларды текшерүүгө киргизилген мораторий да узартылды.

Новиковдун чечимине ылайык, мамлекет 2022-жылга чейин ишкерлерди текшере албайт.

Кыргыз өкмөтү 2019-жылдын 1-январынан тартып ишкерлерди текшерүүнү тыйган эки жылдык мораторий киргизген. (NT)

Дагы караңыз

Тажикстан Казакстанда соттолгон жарандарын кабыл алуудан баш тарттыКыргызстандык «Күнкарама» тасмасы 31-«Россия» кинофестивалында сыйлыкка татыдыЖыштык чуусу: Байланыш агенттигинин мурдагы директору үй камагына чыктыСадыр Жапаров: Коррупцияга аралашкандар жооп берсин