Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаев үй камагына чыгарылды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда ушундай чечим кабыл алганын адвокат Замир Жоошев "Азаттык" радиосуна билдирди:
"Прокурорлордун аны Убактылуу кармоочу жайда калтыруу өтүнүчү каралып, сот аны канааттандырган жок. Канат Сагынбаев үй камагына чыкты".
Ал эми Фарид Ниязов камакта калды. Адвокат беш күн аралыгында шаардык сотко кайрыларын айтты.
Фарид Ниязов жана Канат Сагынбаев 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка айыпталып кармалышкан. Алар №1 тергөө абагына камалып, быйыл 6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда тарапташтары бошотуп алышкан.
Кийин кайра камакка алынып, октябрь окуяларына байланыштуу да иштери тергеле баштаган. (SE)
Дагы караңыз
Пашинян Тоолуу Карабакта «бардык туткундар бардык туткундарга» деген принцип менен алмашуу жүрөт деп айттыОоганстанда тынчтык сүйлөшүүлөр жанданып жаткан чакта зомбулук аракеттери күчөгөнүнө Помпео тынчсыздандыFactcheck: Жапаров дагы бир кудасына кызмат бергенТрамп Жоржия штатындагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арыз бердиКыргызстан марихуанага байланыштуу БУУ комиссиясынын чечимине каршы добуш берди Сузакта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери паракорлук фактысы менен кармалды