Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Трамп Жоржия штатындагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арыз берди

АКШ президенти Д.Трамп онлайн жыйын маалында колу менен ишаара кылууда. 2020-жылдын 26-ноябры.
АКШ президенти Д.Трамп онлайн жыйын маалында колу менен ишаара кылууда. 2020-жылдын 26-ноябры.

АКШнын президенти Доналд Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн тобу Жоржия штатындагы 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу 4-декабрда бул штатта арыз берди. Ал эми 5-декабрда Жоржия штатында тарапкерлери уюштурган жаткан нааразылык жыйынына президент Трамп өзү келип катышаары күтүлүүдө.

Бул жыйынга республикачылардын бир даары келээрки айда өтө турган шайлоонун экинчи айлампасына чыккан республикачы сенаторлор Келли Лёффлер менен Дэвид Пердьюнун сенаторлукка талапкерлигине колдоо көрсөтүү максатында да чыгышмакчы.

Сенаторлукка шайлоонун алгачкы айлампасында экинчи айлампага демократ атаандашы Рафаэл Варнокко каршы чыгууга жолдомо алган республикачы Келли Лёффлер айымдын кубанычтуу ишаарасы. Атланта, Жоржия штаты, 2020-жылдын 3-ноябры.

Жоржия штатындагы Трамптын өнөктүгүнүн тобунун арызы 3-ноябрда өлкө боюнча жеңип чыккан президенттикке талапкер, демократ Жо Байдендин жеңишин жокко чыгаруу далаалаттарынын акыркыларынан болуп калды.

Буга чейинки арыздардын дээрлик бардыгы далилдердин жетишсиздигине байланыштуу делип четке кагылган болчу.

Ал эми Жоржия штатынын расмий өкүлдөрү бул штатта Байден 12 миңден ашуун добушту көбүрөөк алып, жеңишке жетишти деп буга чейин эле тастыкташкан болчу.

14-декабрда АКШнын шайлоо коллегиясы өз отурумунда быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңгендигин биротоло тастыктайт. Бирок буга чейин эле дүйнөнүн ири мамлекеттеринин басымдуу көпчүлүгүнүн лидерлери Жо Байденди президент болуп шайланышы менен куттуктоого үлгүрүштү.

XS
SM
MD
LG