Жогорку Кеңеш: Мирлан Бакиров вице-спикерликтен кетти

Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында төраганын орун басары Мирлан Бакиров өз каалоосу менен кызматын тапшырарын билдирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Бир күн мурда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Фейсбуктагы» баракчасына Мирлан Бакиров вице-спикерлик кызматынан өз каалоосу менен кетип жаткандыгы тууралуу жазган.

«Өнүгүү- Прогресс» парламенттик фракциясынын сунушуна ылайык депутат Мирлан Бакиров 2017-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Мирлан Бакиров 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо көп добуш алганы жарыяланган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин жетектеген.

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон коомчулуктун 5-6-октябрдагы толкундоосунан кийин бийлик чукул алмашкан жана парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. (BCh)

Дагы караңыз

Өз жанын кыйды деген жоокердин денесинде тактар бар экени айтылдыСүлүктүдө шахта урап, бир киши изделүүдөCOVID-19 вирусу 230 кишиге жугуп, эки киши каза болду Социалдык тармактар: Талкуулоо же талкалооЮрист Нурбек Токтакунов референдумга байланыштуу депутаттарды жоопко тартууну талап кылууда