УКМК: Матраимовдун мүлкү мамлекетке берилет

Райымбек Матраимов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тараткан маалыматка ылайык, бажы тармагындагы коррупциялык иштерден улам, мамлекетке кайтарылган батирлер коопсуздук кызматкерлерине берилбейт. Бул мүлктөрдүн баары мамлекеттин эсебине кайтарылат.

Бишкекте өткөн 24-декабрдагы басма сөз жыйынында мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке өткөрүп берген тогуз батирдин сегизи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине бериле турганын билдирген.

Ташиевдин айтымында, Матраимов күнөөсүн моюнга алып, 1 миллиард 400 миллион сомду бюджетке накталай акча түрүндө кайтарып берген.

Мындан тышкары, анын бир соода борбору жана тогуз батир түрүндөгү 600 миллион сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.

Бул билдирүүдөн кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын арасында жана социалдык медиада батирлерди жетим балдарга, дарыгерлерге же мугалимдерге берүү маселеси көтөрүлгөн.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Райымбек Матраимовдун мамлекетке бергени кабарланган батирлери мыйзамдуу жол менен өткөрүлүп берилбесе, вице-премьер катары атайын токтомго кол койбой турганын 25-декабрда «Твиттердеги» баракчасына жазган.(ZKo)

Дагы караңыз

Башкы прокуратура: «Манас» аэропортунда коррупциялык иштин бети ачылдыАнатай Өмүрканов: "Памир" десе мага "Талас" дегендей эле угулат«Коопсуз шаардын» адашкан айыппулдарыОш ОИИБнин башчысы Малик Нурдинов кызматтан кетүү үчүн арыз жаздыКыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн жаш киночуларынын VIII "Үмүт" форуму аяктадыУКМК: Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын коррупциялык ишке тиешеси бардыгы тууралуу айныксыз далилдер барОрусия: Любовь Соболь 48 саатка кармалдыӨзбекстанда Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча сот башталдыОрусияда эмдөөдөн өткөндөр аз болуудаМатраимов кайтарган мүлк талкууга түштү