Быйыл үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү, реестрге катталган фактылар 8 миңден ашты

Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.

Быйылкы жылдын 11 айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8337 факты катталды.

Бул тууралуу 29-декабрда өкмөттөгү басма сөз жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улан Маматканов билдирди.

Анын маалыматына караганда, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу катталган фактылардын 71и сотко өткөн.

Зомбулуктан жалпысынан 49 адам жабырлануучу деп табылган. Анын 11и балдар.

Статистикага караганда, быйыл зомбулук фактылары көбөйгөн.

Расмий эсеп боюнча, 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 7428 факты реестрге катталган. (NT)

Дагы караңыз

Юрист Нурбек Токтакунов Жапаровду, Ташиевди жана Мамытовду актаган сотторго каршы Тартип комиссиясына кайрылды«Апрель» телеканалы ободон чыгууга укук алганын жарыяладыМосква соту энергохолдингдин мурдагы жетекчисин тыңчылык үчүн кестиЖогорку сот төрайымы УКМКнын аны айыптаган билдирүүсүнө далил табылбай жатканын айтты