Каныбек Иманалиев Клара Сооронкуловага добуш берди

Каныбек Иманалиев жана Клара Соорокулова. Шайлоо алдындагы теледебаттан алынган сүрөт.

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев атаандашы Клара Сооронкулова үчүн добуш берди. Бул тууралуу ал Бишкектеги шайлоо тилкелеринде добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп бергенде айтты:

«Жаныңда кыз киши турса, өзүңө добуш бергениң - кыргызда жигитчиликке жатпайт. Мен, ошондуктан, Клара Сооронкуловага - кыргыздын аялзатына добуш бердим. Кыргызстандын келечегин мен аялзатынан, жаштардан жана чыныгы парламенттик демократиядан көрөм».

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат.

Дагы караңыз Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Клара Сооронкулова - жалгыз аял талапкер.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Саат 10:00гө карата алардын 100 миңге жакыны, же 2,80% добуш берди.

Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган. (SE)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: Шайлоодо ким утуп чыкса да таанышыбыз керекМадумаров: Шайлоо таза өтпөй жатканын көрүп турабызБишкекте кезектеги «Мыйзамдуулук үчүн!» жүрүшү өттүТүркиядагы кыргызстандыктар эки шайлоо тилкесинде добуш беришет