Нарын облустук ички иштер башкармалыгы Жумгалдын Сары-Жайык кыштоосундагы сарайда чабан айылдашын атып өлтүрүп алганын кабарлады. Окуя 19-январда болгон.
Баштапкы маалыматка караганда, сарайда Баш-Кууганды айылынын 23 жана 39 жаштагы тургундары чатакташа кетишкен.
23 жаштагы чабан жанында көтөрүп жүргөн документи жок сайсыз ИЖ-18 үлгүсүндөгү 12 калибрдеги курал менен берки кишинин автоунаасынын арткы терезесине атканда, ок машиненин ичинде отурган башка бир 38 жаштагы тургунга тийген. Милицияга окуя тууралуу жергиликтүү тургундардын бири кабарлаган.
Аталган факты боюнча Жумгал райондук милициясы териштирүү баштап, Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен иликтеп жатат. (BsB)
Дагы караңыз
Камактагы судья Камил Осмоналиев кызматтан четтетилди Улуттук статистика комитети: өкмөт органдарына элдин ишеними азайдыҮй-бүлөлүк зомбулуктун жазасы катаалдашат Блинкен: Иран менен «узагыраак жана күчтүүрөөк» келишим иштеп чыгабызПомпео Кытайдын уйгурларга мамилесин геноцидге теңеди «Динди саясатка аралаштыруу жаман тажрыйба»Бээжин АКШнын мамкатчысынын дооматын четке какты