Депутат Дастан Бекешев вакцина боюнча ачык маалымат берүүнү талап кылды

Дастан Бекешев.

Парламенттин 21-январдагы сессиясынын ар кандай маселелер каралган бөлүгүндө КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев коронавирус илдетине каршы вакцинага байланышкан талаш-тартыштар тууралуу маселе көтөрдү.

Бекешев коомчулукта талаш-тартыш жараткан бул маселе боюнча өкмөттөн коомчулукка ачык-айкын маалымат берүүнү талап кылды:

«Өкмөт атайын муздаткыч жок экенин айтып, айрым вакциналарды алуудан баш тартып жатканы айтылып жатат. Тиешелүү министрлик коомчулукка ачык-айкын маалымат бериши керек. Бизге кандай вакцина керек экенин далилдүү көрсөтүп берсин».

Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат.

Коронавирустун вакцинасы азырынча Кыргызстанга келе элек. Бирок эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы сегиз вакцина сунушталган.

Дүйнө өлкөлөрү колдонуп жаткан жана Кыргызстанга биринчи болуп сунушталган «Pfizer» компаниясынын вакцинасын сактоо үчүн талап кылынган -70 градустук муздаткычтардын жоктугунан өкмөт андан баш тартканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген.

Эл аралык эксперттер «Pfizer» жана «BiOntech» компаниялары чыгарган вакцина коронавируска каршы 95% таасир этерин иликтеп чыгышкан. (NT)

Дагы караңыз

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Улуттук филармонияда өтөт Байден Трамптын бир катар чечимдерин жокко чыгардыСот Дамир Мусакеевди үй камагына чыгардыБишкек ЖЭБин токтоосуз газга өткөрүү боюнча демилге көтөрүлдү