Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Байден Трамптын бир катар чечимдерин жокко чыгарды


АКШнын президенти Жо Байден Вашингтондогу Ак Үйдүн сүйрү кеңсесинде бир катар жарлыктарга кол койду. 2021-жылдын 20-январы.
АКШнын президенти Жо Байден Вашингтондогу Ак Үйдүн сүйрү кеңсесинде бир катар жарлыктарга кол койду. 2021-жылдын 20-январы.

АКШнын президенти Жо Байден Капитолийдин тепкичинде туруп ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин эле, 20-январда, мурдагы президент Доналд Трамптын бир катар саясий демилгелерин жокко чыгарды. Ал иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери боюнча бир катар жарлыктарга дароо кол койду. Бул чечимдерге ылайык, АКШ глобалдык климатка байланыштуу Париж келишимине кайра кошулат, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмундагы мүчөлүгүн калыбына келтирет. Мексика менен чек арада дубал куруу иштери токтотулат, Кыргызстан, Сирия, Иран, Ливия жана башка ондон ашуун мамлекеттин жарандарына иммиграциялык визага киргизилген чектөө жокко чыгарылат. Калкынын көбү мусулмандар болуп саналган бул мамлекеттердин жарандарына визалык чектөөлөр Трамптын буйругу менен 2017-жылы, эки жылдан кийин Кыргызстан жана дагы беш мамлекетке карата киргизилген.

Дагы башка чечимдери менен АКШнын жаңы президенти Байден коронавирустан сактаныш үчүн жарандарды Американын федералдык жайларында маска тагынып жүрүүгө, социалдык обочолонууга милдеттендирди.

78 жаштагы Байден 20-январда түшкө жуук ант берди. Бул жөрөлгө маалында ал XIX кылымга таандык үй-бүлөлүк Библияга колун койду. Ошенип, ал АКШнын президенти катары ант берген жашы эң улгайган саясатчы болуп калды.

Анын вице-президенти Камала Харрис ага чейин бир нече мүнөт калганда ант берди. Харрис айым бул президенттен кийинки жогорку кызматты аркалаган алгачкы аял жана ак эмес түстөгү алгачкы мамлекеттик ишмер болуп калды.

Байден өлкөдөгү өзгөчө татаал мезгилде президенттик кызматты аркалай баштады: бир жагынан, шайлоо маалында эл эки атаандаш талапкердин жактоочулары болуп бөлүнүп-жарылып, экинчиден, коронавирус алаамааты коомду алкымдап турган учур. Дал ушул көйгөйдүн маанисин аткаруу бийлигинин ишмердиги үчүн зарыл болгон бир нече олуттуу документке ал өзү Ак Үйгө келээри менен эле кол койгону даана көрсөтүп турат.

Байден өзүнүн ант бергенден кийин чыгып сүйлөгөндө: «Бул чакырыктарды жеңүү, Американын жан дүйнөсүн калыбына келтирүү жана келечегин камсыз кылуу үчүн сөздөн башка алда канча көп нерсе талап кылынат. Ал демократиядагы бардык нерселердин ичинен тутуп калууда өзгөчө кылдаттык зарыл болгон жагдайды – ынтымакты талап кылат», – деп белгиледи.

Байден 21 мүнөттүк сөзү менен элге кайрылган Капитолийдин дал ушул тепкичтери аркылуу 6-январда Трамптын тарапташтарынан турган тополоңчулар полицияга ээ-жаа бербей өтүп кетишкен. Алар АКШ Конгрессинин Сенаты менен Өкүлдөр Палатасынын биргелешкен отурумун бир нече саатка үзгүлтүккө учуратышкан. Кагылышуудан улам беш киши набыт болгон.

Дал ушул тополоңго өз тарапташтарын шыкактады деген доо менен Өкүлдөр Палатасы Трампка каршы экинчи импичмент жарыялай баштады. Эми соңку сөз АКШ Сенатынын керегесинде өткөрүлчү иш-аракетте калды.

20-январда түштөн кийин үч демократ саясатчы АКШнын сенаторлору катары ант беришти. Алар – өлкөнүн Жоржия штатынан шайланган Рафаэл Уорнок менен Жон Оссофф мырзалар жана Калифорния штатынан губернатор тарабынан тандалган Алекс Падилья мырза.

Алекс Падилья мырза Камала Харристин ордуна Калифорния штатынан сенатор болуп калды. Ал - Калифорния штатынын тарыхындагы теги мексикалык жана испан тилдүү болгон алгачкы сенатор.

АКШ Сенатынын орундары болсо ушундан тартып республикачылар менен демократтарга теңме-тең (50:50) бөлүнүп калмакчы. Бирок кызмат абалы боюнча Сенаттын да төрайымы болгон вице-президент Харристин добушу тараза ташын тиешелүү жакка оодараары шексиз. (TT)

XS
SM
MD
LG