Садыр Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу тобу түзүлдү

Садыр Жапаров, шайланган президент.

Шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун 21-январдагы жарлыгы менен түзүлдү.

15 кишиден турган топту президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жетектеп, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков ага орун басар болушту.

Топтун курамына өкмөттүн аппарат башчысы Бактыбек Аманбаев, парламенттин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев, тышкы иштер, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, финансы, саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана туризм министрлери, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, КТРК менен «7-каналдын» башкы директорлору кирди.

БШК 20-январда жарыялаган добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, шайлоого келген элдин 79,20% добушун алган Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп шайланды.

Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга дайындалып, аны менен кошо башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдум өттү.

Боршайкомдун расмий жыйынтыгы боюнча референдумга келген элдин 81% президенттик башкаруу ыкмасын колдоду. (NT)

Дагы караңыз

Депутат Дастан Бекешев вакцина боюнча ачык маалымат берүүнү талап кылдыАКШ Кыргызстанга киргизген чектөөнү жойдуСадыр Жапаров премьерликти тапшырды, өкмөттүн азыркы курамы кызматтан кеттиКыргызстан АКШ менен ар тараптуу кызматташтыкка үмүт артат АКШнын курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча демилгесин Кремль колдодуСадыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Улуттук филармонияда өтөт