Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Садыр Жапаров премьерликти тапшырды, өкмөттүн азыркы курамы кызматтан кетти


Садыр Жапаров, шайланган президент.
Садыр Жапаров, шайланган президент.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 21-январда «Кыргыз Республикасынын премьер-министри менен өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта жарлык 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялаганына жана анда шайланган президент Садыр Жапаровдун премьерлик кызматын тапшыруу боюнча берген арызынын негизинде чыкканы белгиленген.

Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын негизинде Жапаровдун арызын кабыл алып, аны кызматынан бошоткон. Жарлыкка ылайык, мындай жагдайда өкмөттүн курамы да кызматтан кетти деп эсептелет.

Отставкага кеткен өкмөт жаңы курам түзүлгүчө кызматтык милдеттерин аткара берет. Ал эми премьер-министрдин милдетин шайлоо өнөктүгүнөн бери аткарып келаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков улантат.

БШК 20-январда жарыялаган добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров шайлоого келген элдин 79,20% добушун алды.

Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% гана катышты.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга дайындалып, аны менен кошо башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдум өттү.

Боршайкомдун расмий жыйынтыгы боюнча референдумга келген элдин 81% президенттик башкаруу ыкмасын колдоду.

Шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкекте өтөт.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциялары жапырт тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү башаламандык учурунда Садыр Жапаровду тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алышкан. Ал 16-октябрда өкмөт башчы болуп дайындалып, 17-октябрь күнү президенттин милдетин аткарууну колуна алган.

Президенттик шайлоого талапкер катары катышкандыктан былтыр 14-ноябрда өлкө жетекчисинин милдетин аткаруу кызматын тапшырып, премьер-министрликти убактылуу токтоткон болчу.

Андан бери президенттин милдетин спикер Талант Мамытов, өкмөт башчынын милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG