АКШ Кыргызстандын жарандарына 2020-жылдын башында киргизилген иммиграциялык виза чектөөсүн жокко чыгарды.
20-январда президенттикке киришкен Жо Байден мурдагы президент Дональд Трамптын саясий демилгелерин жойгон жарлыктарга кол койду.
2020-жылдын 31-январында Трамптын администрациясы айрым мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарга иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизген.
Мунун себеби катары Кыргызстан жарандарын электрондук биометрикалык паспорт менен толук камсыз кылбаганы мисал келтирилген.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 21-январда тараткан маалыматында кыргыз өкмөтүнүн бир жыл ичинде өз жарандарын саякаттоого ыңгайлуу жана коопсуз паспорт менен камсыз кылууга жетишип жатканын жогору баалады.
Америкалыктардын жаңы үмүтү Байденде
1/19АКШнын 46-президенти катары ант бергенден кийин Жо Байденди жубайы Жилл Байден куттуктап жатат.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
2/19АКШнын 45-президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен Ак үйдөн чыгып кетип жаткан учуру.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
3/19Инаугурациядан кийин Вашингтондогу Линкольн мемориалындагы "Американы майрамдоо" иш-чарасы учурунда атылган салют.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
4/19Жо Байден жана биринчи айым Жилл Байден инаугурациядан кийин Ак үйдөн салют көрүп жатышат.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
5/19Инаугурациядан кийинки Ак үйдөгү маанай.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
6/19Байдендин тарапташтары инаугурациядан кийин Вашингтондун көчөлөрүндө майрамдап жатышат.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
7/19Вице-президент Камала Харрис жана аны күйөөсү Дуглас Эмхофф инаугурациядан кийинки салтанаттуу кечеде.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
8/19АКШнын президенти Жо Байден жана анын жубайы Жилл, жаңы шайланган вице-президент Камала Харрис күйөсү Дуглас Эмхофф менен.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
9/19Луизиана штатындагы үй-бүлө Жо Байдендин инаугурациясын сыналгындан көрүп отурган учуру.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
10/19Жо Байден ант берип жатат.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
11/19Камала Харрис вице-президентикке киришүү антын берди.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
12/1978 жаштагы Байден 20-январда түшкө жуук ант берди. Бул жөрөлгө маалында ал XIX кылымга таандык үйбүлөлүк Библияга колун койду. Ошентип, АКШнын президенти катары ант берген жашы эң улгайган саясатчы болуп калды.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
13/19Ырчы Лэди Гага ант берүү аземинде АКШнын гимнин ырдады.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
14/19АКШнын мурдагы президенти Барак Обама жана анын жубайы Мишел Обама, АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш жана АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери, демократ Нэнси Пелоси Жо Байдендин инаугурациясына келишти.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
15/19АКШнын президенти Жо Байден Капитолийдин тепкичинде туруп ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин, 20-январда, мурдагы президент Дональд Трамптын бир катар саясий демилгелерин жокко чыгарып, иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери боюнча бир катар жарлыктарга дароо кол койду.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
16/19Жо Байдендин инаугурациясынан кийинки Колорадо штатында бир катар жарандар ынды каралардын укугун коргоого чакырып жүрүшкө чыкты.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
17/19Жаңы президент Жо Байден элге кайрылуу жасап жатат.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
18/19Гондурастык мигрант чач тарачта отуруп Байдендин ант берүү аземин көрүп жаткан учуру. Мексика.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
19/19АКШнын мурдагы президенти Барак Обама жаңы президент Жо Байденди куттуктап жатат. Алар коронавирус шартындагы ишараны жасап, колдорун тийгизишти.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
Артка
Алдыга
Кыргыз өкмөтү биометрикалык идентификациялык чиптер камтылган электрондук паспорттун жаңы үлгүсү даяр болгонун 2020-жылдын соңунда жарыялаган.
Элчилик ошондой эле Кыргызстан кылмыштуулук жана терроризмге каршы күрөш багытында маалымат алмашууда Интерпол менен кызматташтыкты жакшыртканын иштин илгерилеши катары белгиледи.
Трамптын буйругу менен 2017-жылы да калкынын көбү мусулмандар саналган Сирия, Иран, Ливия өңдүү ондон ашуун мамлекеттерге визалык чектөө коюлган. Байдендин жарылыгы менен ал буйруктар да жоюлат.
Бишкек кыргыз-америка алакасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, АКШнын жаңы администрациясы менен жемиштүү иштешүүгө даяр. Тышкы иштер министрлиги 21-январда ушундай билдирүү таратып, Жо Байденди АКШ президенттигине киришкени менен куттуктады.
Кыргызстан эки өлкө ортосундагы узак мөөнөттүү достук мамилелерди чыңдоого багытталган мындан аркы биргелешкен кадамдарды колдойт жана АКШ президентинин Кыргызстандын жарандарына 2020-жылы киргизилген визалык чектөөлөрдү алып салуу чечимин кубаттайт.
«Биз бул чечимди АКШнын жаңы администрациясынын эки мамлекеттин ортосундагы адамдардын байланыштары жана тажрыйба алмашуу маселесине болгон конструктивдүү, ачык мамилесинин далили деп эсептейбиз. Ушул жаңы демдин негизинде эки тарап буга чейин талкуулагандай, өлкөлөр ортосундагы виза режимин мындан ары жеңилдетүү боюнча реалдуу кадамдарды жасашат деп үмүттөнөбүз», - деп айтылат билдирүүдө.
АКШ президентинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, уюшкан кылмыштуулукка, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларын күчөтүү, жалпы адамзаттык баалуулуктарды жайылтуу сыяктуу маселелер боюнча кызматташууну активдештирүү чечимин Кыргызстан колдой турганы белгиленген.
Ошондой эле Кыргызстанда демократиялык институттарды чыңдоо жана адам укуктарын илгерилетүү жаатында кызматташуу уланып келатканы айтылган.
Жо Байден 20-январда кызматка киришер замат мурдагы президент Дональд Трамп бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына киргизген иммиграциялык виза чектөөлөрүн жокко чыгарды.
Байдендин жарлыгына ылайык, АКШ глобалдык климатка байланыштуу Париж келишимине кайра кошулат, Дүйнөлүк саламаттык уюмуна мүчөлүгүн калыбына келтирет, Мексика менен чек арада дубал куруу иштери токтотулат.
Бишкек АКШнын жаңы президентинин бул эл аралык маанидеги жарлыктарын кубаттап, климаттын өзгөрүшү жана экология жаатында жемиштүү кызматташтыкка үмүт артарын белгиледи.
Ал арада Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөр аралык кызматташтыгы боюнча жаңы келишимге байланышкан иштер аягына чыга элек.
2015-жылдын июлунда Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри Темир Сариев кызматташууну үзүү демилгесин көтөрүп, кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу денонсациялаган.
Буга ошол кезде АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүрүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” ыйгарган сыйлыгы себеп болгон. Үзүлгөн келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган эле.
Кийинчерээк АКШ тарап өкмөттөр аралык кызматташту боюнча жаңы долбоорду сунуш кылган.
АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп тааныган мамлекет жана ири донорлордун бири. Вашингтондун 2019-жылдагы расмий маалыматтарына караганда, Кыргызстан эгемендик алгандан бери АКШ 2 миллиард доллардан ашуун жардам көрсөткөн.