Кыргызстанда «Блокададагы нан» акциясы өттү

Ленинград блокадачыларынын Кыргызстандагы коомунун тарыхый кагаздарынын бири.

«Блокададагы нан» деп аталган эл аралык акция Кыргызстанда да уюштурулду. Бул ирет Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы мектептерде, айыл аймактарда өткөрүлгөнүн уюштуруучулар кабарлашты.

Жыл сайын январь айынын акыркы аптасында дүйнөнүн 70 өлкөсүндө Ленинграддын фашисттик блокадасынан толук бошотулганына карата «Блокададагы нан» акциясы өткөрүлөт.

«Иш-чара негизинен окуучуларга багытталган», - деди акцияны Ош шаарында да уюштурууга көмөктөшкөн «Светоч» православ чиркөө мектебинин тарбиячысы Оксана Есина.

Ленинградды 1941-жылдын сентябрь айында фашисттик Германиянын армиясы курчоого алган. Шаар 1944-жылдын 27-январында гана cовет жоокерлери тарабынан бошотулган. Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн. Алардын арасында 3,5 миң бала болгон.

Дагы караңыз

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн Нуркамал Асканова жетектейтКыргызстанда Коргоо министрлиги кайра түзүлөтКабулда талибдердин чабуулдары күчөдүАкорда: Жапаровдун Казакстанда өтчү сапарына даярдык талкууландыУлукбек Марипов: Өкмөттүн курамы кыскарат