Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Акорда: Жапаровдун Казакстанда өтчү сапарына даярдык талкууланды


Кыргыз жана казак президенттери Кыргызстандын жаңы шайланган мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Казакстанда өтө турган сапарына даярдык көрүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу 1-февралда Казакстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев кыргыз тараптын демилгеси боюнча телефон аркылуу сүйлөштү. Сапардын так датасы айтылган жок.

Казак лидери Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарыш үчүн биргелешип жигердүү иштешүүгө даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы расмий сапары Казакстандан башталарын кошуна өлкөнүн президентинин расмий сайты 11-январда жазган.

26-январда президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек мамлекет башчы Садыр Жапаров чет өлкөдөгү алгачкы иш сапарын Орусия Федерациясында өткөрөрүн билдирген.

Жапаров менен Токаевдин сүйлөшүүсү тууралуу кыргыз президентинин сайты да жазды. Анда Жапаровдун сапарына камылгаларга байланышкан сүйлөшүү тууралуу айтылган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG