Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайра түзүлөт


Президент Садыр Жапаров 1-февралда Коргоо министрлигин түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Президент Садыр Жапаров 1-февралда Коргоо министрлигин түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайра түзүлө турган болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров «Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Анда тармакты өнүктүрүү максатында, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык болору жазылган.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги 2014-жылы Куралдуу күчтөрдү реформалоонун жүрүшүндө жоюлган. Анын ордуна тармакты башкарган бирдиктүү орган катары Башкы штаб негизделген.

Министрликтин базасында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет иштей баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG