ӨКМ: Баткенде эски шахтада өрт чыгып, жүздөгөн мал кырылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде эски шахтада өрт чыгып, жергиликтүү тургундардын жүздөгөн малы кырылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 3-февралда Кадамжайдагы сурма комбинатынын аймагындагы иштетилбеген шахтада болгон.

Шахтанын ичин жергиликтүү тургундар мал кармоо үчүн пайдаланып келишкен. Өрттүн кесепетинен 243 кой-эчки өлдү.

Куткаруучулар тосмо орнотуп, кырылган малды тургундардын макулдугу менен шахтанын ичине көмүп кетишти.

Адамдар жабыркаган жок.

Соңку бир күн ичинде Кыргызстандын аймагында 11 өрт кырсыгына 11 куткаруучу бригада тартылды. (RK)

Дагы караңыз

Ошто Финполицияны ИИМге кошууга каршы болгондор жыйын өткөрүштүЭл аралык эксперттер Уханда изилдөөнү улантуудаОрусияда «Медиазона» басылмасынын редактору камалдыАшхабадда дарыгерлерди коронавируска каршы эмдөө башталдыТемир Сариев: Өкмөт туруктуу болбосо эч ким иштебейт Бишкек – Москва багыты боюнча авиакаттам көбөйөт