Жогорку сот: Калиева боюнча УКМКнын маалыматы негизсиз

Гүлбара Калиева.

Жогорку сот төрайым Гүлбара Калиевага карата дагы бир иш боюнча териштирүү башталганы тууралуу УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берди.

Мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө атайын кызматтын маалыматы негизсиз экени айтылган. Фактысы жок мындай маалыматтар сот системасынын аброюна шек келтирери белгиленген.

Билдирүүгө караганда, төрайым Гүлбара Калиева 2020-жылдын февралында Свердлов райондук сотунун судьясынын этикага туура келбеген жоругу боюнча мыйзам чегинде аракет көрүп, Тартип комиссиясына кайрылган.

Былтыр жараяндардын биринде райондук соттун судьясынын айыпталуучуга карата мамилеси тартылган видео Интернетке тарап кетип, коомчулуктун катуу сынына кабылган.

4-февралда УКМК ушул ишке байланыштуу Гүлбара Калиева менен Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталганын жарыялаган. Сөз болуп жаткан судья кыртышы сүйбөгөн кесиптештерине "компромат чогултуп, тартылган видеолорду Интернетке жарыялаган, ал эми Калиева анын аракеттерин жаап-жашырган" деп шек санаган.

Ага чейин, былтыр декабрда УКМК Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча аныкталган коррупциялык схемага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин билдирген. Эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын кабарлаган. Жогорку сот жана төрайым өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, ага катышы жоктугун айтып келет.

Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны жоопко тартуу тууралуу сунуштаманы Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына жөнөткөн.

Тартип комиссиясы анын саламаттыгына байланыштуу Башкы прокуратуранын сунушун карай элек. (NT)

Дагы караңыз

Боррелл: Навальныйдын маселеси Москва менен мамилени начарлаттыЕгипетте камактагы журналист Махмуд Хусейн бошотулдуЗулушев: Жээнбеков сотко күбө катары чакырылса барышы керекЖогорку сот: Райкүл Жапарованын иши Башкы прокуратурага жиберилгенЗулушев: Тартип комиссиясы уруксат берсе Калиева боюнча тергөө уланат