Президент Садыр Жапаров өзүнүн портретин мамлекеттик имараттарга, кызматтык иш бөлмөлөрүнө илбөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу 8-февралда президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди:
"Президент Садыр Жапаров азыркы тапта өзүн атуулдардын жашоосун жакшыртуу үчүн эмгек кыла элекмин деп эсептейт. Ошондуктан президент бардык мамлекеттик органдарга портретин илбөөнү сунуштап жатат. Портрет илгиси келгендер Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн түптөп, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн шарттаган белгилүү инсандардын сүрөтүн илүүнү сунуштайт".
Январдын аягында Президенттин Оштогу резиденциясынын директору Санжарбек Төлөнбаев Садыр Жапаровдун килемге токулган чоң сүрөтүн кабинетине илип алганы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган болчу. Санжарбек Төлөнбаев ал килем С.Жапаров абакта жатканда эле колго согулганын айтып, социалдык тармак аркылуу жооп берген эле.
Дагы караңыз
Айыл башчынын талкуу жараткан сүрөттөрүКыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланганда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери түрмөдөн чыгарган.
10-январдагы шайлоодо С.Жапаров шайлоого катышкандардын 80% жакын добушун алып, президенттикке шайланды. (BCh)