Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 15-февралда кол койду.
Дайындоо тууралуу маалыматты Осмоналиев "Азаттыкка" өзү тастыктады.
"Ооба, мен социалдык маселелер, саламаттык сактоо, билим берүү, дин, спорт жана башка маселелер боюнча өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалдым".
65 жаштагы саясатчы, илимпоз Осмоналиев Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты болгон. Билим берүүнүн отличниги.
Президент Садыр Жапаров камакта кезде аны колдоп митингге чыкканы үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан 2020-жылдын март айында камалып, 2020-жылдын июнь айында үй камагына чыккан. (BCh)
Дагы караңыз
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү Чек ара боюнча атайын өкүл айрым жерлердин Тажикстанга өтпөгөнүн билдирдиБыйыл Орусиядан ата-энесиз калган ондон ашуун бала Бишкекке алынып келинет Жумалиевдин жактоочусу шаардык сотко кайрылдыМьянмада аскердик төңкөрүштөн соң нааразылык акциялары токтобой жатат