Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров алдын ала пландалган эл аралык иш-чаралардын алдында аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Садыр Жапаровдун мындай кадамга барышына коронавирус инфекциясынын дале болсо күчөп турганы эске алынды. Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгы да актуалдуу бойдон калууда.

Мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантып, өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун алгачкы эл аралык иш сапары Орусиядан башталары айтылган.

Кыргызстанда 15-февралдагы маалыматтар боюнча акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан Чүй облусунда бир адам каза болду​. 41 кишиге вирус жукканы аныкталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1442 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 516 адамга жетти. Оорудан 82 306 адам айыкты. (BCh)

XS
SM
MD
LG