Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Быйыл Орусиядан ата-энесиз калган ондон ашуун бала Бишкекке алынып келинет


Бишкектеги балдар үйлөрүнүн бири
Бишкектеги балдар үйлөрүнүн бири

Орусияда ата-энесиниз калган ондон ашуун баланы алып келүү маселеси каралып жатат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөөгө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова кабарлады.

Орусиянын "Центральный" деп аталган үй-бүлөлүк тарбияга көмөктөшүү борбору буга чейин Кыргызстандын Акыйкатчысына борбордогу бир баланы алып кетүү тууралуу кат жиберген.

Акыйкатчы Орусиядагы өкүлүн жиберип, бул борбордо 2019-2020-жылдары төрөлгөн кыргызстандык 7 наристе ата-энеси жок каралып жатканын аныктаган.

"Азыр бизге келип түшкөн ырасмий каттар боюнча Орусияда 6-7 бала эмес, ондон ашуун, он эки баланын документтери бар. Бирок, өкмөттүн атайын токтому менен жылына чет жактагы кароосуз калган балдарды кайтарып келүү үчүн атайын жол кире акысы бөлүнчү. Орусияга авиабилеттер быйыл өтө кымбат болгондуктан, быйылкы бюджетибиз 5-6 баланы эле алып келгенге жеткени жатат. Бирок балдарды алып келүүнү жакынкы арада ишке ашырууга аракеттенип жатабыз", - деди Чолумова.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, Орусия баштаган чет жактарда кароосуз калган кичинекей кыргызстандыктар алынып келинген эмес.

Орусия, Казакстан мамлекеттеринен кароосуз калган жыйырма бала 2019-жылы, он сегиз бала 2018-жылы, он алты бала 2017-жылы, ал эми он үч бала 2016-жылы Бишкекке алынып келинген болчу. (BCh)

XS
SM
MD
LG