Карылар үйүндө каза болгон аялдын өлүмү иликтенүүдө

Бишкектеги карылар үйлөрүнүн бири. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Чүй облусунун Кемин шаарындагы карылар үйүндөгү аялдын каза болгон убактысын жана өлүмүнүн себебин милиция териштирүүдө. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгынын негизинде юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин сайттардын биринде Кемин шаарындагы карылар үйүндө каза болгон аялдын сөөгү ал жакта жашагандар менен бир бөлмөдө жатканын коомдук уюмдун өкүлдөрү көргөнү жазылган. Ошондой эле 16-февралда Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө кечки саат 9 чамасында коомдук уюмдун өкүлдөрү аталган карылар үйүндө аял каза болгону тууралуу маалымат беришкен.

Милициянын маалыматына ылайык, 16-февралда саат 16:00 чамасында 64 жаштагы аял каза болгон. Маркум карылар үйүндө эки жыл жашаган. Милицияга карылар үйүнүн жашоочулары аял 15-февралда эле каза болгонун айтышкан. Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат.

Аталган карылар үйүнүн өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек. (TSh)

Дагы караңыз

Рыспаев: Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда элдин мүдөөсү камтылган жокГрек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жататОсмонова: Бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүнүн жазасы Баш мыйзамдын долбоорунда каралган эмесБайден Кытайды Шинжаңдагы саясаты үчүн сындадыДепутат Жээнчороев: Жаңы Конституциядагы структура султан Сулаймандын диванына окшоп калган