Картошка, өсүмдүк майы, эт, кумшекер, жумуртка кымбаттады

Ош базары, Бишкек

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь айына салыштырганда быйыл январда тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 18,5% кымбаттады.

Бул тууралуу аталган мекеме 18-февралда маалымат таратты.

"Былтыркы январь айына караганда өсүмдүк майы - 54,6%, картошка - 46,3%, жумуртка - 35,4%, кумшекер - 33,1%, эт - 27,5%, ун - 16,5% кымбаттап, мындан тышкары сүт, тооктун эти, алкоголсуз суусундуктардын баасы да жогорулаган. Нандын баасы 5,2% көтөрүлдү", - деп билдирди Статком.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн жылга салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 1,7% жогорулаган.

Кыргызстанда керектүү товарларга баа өсүп жатканы 17-февралда премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешмеде да айтылган. (BCh)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз базарын кымбатчылык басты

Дагы караңыз

Бишкекте теракт уюштурууну көздөгөн согушкер кармалдыПарламентте Баш мыйзам долбоору талкууландыБишкек шаарынын бюджетинде өсүш байкалдыCOVID-19: 70 адамга жугуп, бир бейтап каза болду Новиков ар бир баланын саламаттыгын текшерүүнү талап кылды