Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалыматына ылайык 10 тонна күйүүчү майды Тажикстанга алып өтүп бара жаткан жеринен кыргызстандык жаран кармалды. Күйүүчү майдын тиешелүү документтери болгон эмес. Автоцистерна Лейлек районунун Ак-Арык айылынан Тажикстанга кирип бараткан жеринен кармалган.
Маалыматка ылайык күйүүчү май ташыган жаран чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки ачылган иштин алкагында колго түштү.
Кыргызстандан Тажикстанга экспорттолгон күйүүчү майдын көлөмү тууралуу так маалымат жок. Эксперттер кыргыз-тажик чек арасынан күйүүчү май негизинен аткезчилик жол менен алып өтүлөрүн айтып келишет. (ZKo)
Дагы караңыз
Иран Батыш менен бейрасмий жолугушуу сунушун четке кактыКазакстан: "Кеттлинг" бөгөтү коштолгон нааразылык чаралары өттүСадыр Жапаров: "Кытайдан айрымдар мекенине кайтып келе алган жок"Бирма: полиция демонстранттарга ок атып, көп киши набыт кеттиАйсулуу Тыныбекова кезектеги алтынын жеңди (финалдагы видео)Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов дүйнөдөн мезгилсиз кайттыГрузин оппозициясы чатыр тигип, нааразылык акциясын күчөттүБШК: Шайлоочулар өзүн тизмеден 27-мартка чейин тактай алышатОш: Матраимовдун тарапкерлеринин митинги аяктады