УКМК президент Жапаровдун аккаунтун талкалаган хакерди издеп жатат

Президент Садыр Жапаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) президент Садыр Жапаровдун “Фейсбуктагы” баракчасын башка адамдар тарабынан бузуп кирүү фактысын текшере баштады.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 4-мартта маалымдады. Ага ылайык текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгында "аккаунт чет мамлекеттен бузулганы" аныкталды. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Дагы караңыз

Байтерек: Президент Жапаровдун «Фейсбук» баракчасын бузуп киришкен

3-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин Конституциянын жаңы долбооруна карата айткан сынына Садыр Жапаровдун "Фейсбук" баракчасынан анын майыптык абалына байланыштуу кемсинткен комментарий жазылган. Бул өз кезегинде “Фейсбукта” жана башка социалдык тармактарда элдин нааразычылыгын жараткан.

Көпчүлүк колдонуучулар аккаунт президент Садыр Жапаров өзү көп жылдардан бери колдонуп келаткан аккаунт экенин, маалымат фейктердин колунан жаралбаганын маалымдашкан.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы боюнча түшүндүрмө жазды


Президент андан кийин аккаунт өзүнө таандык экенин билдирип, 4-мартта "Фейсбук" социалдык түйүнүндөгү "Садыр Жапаров" аттуу тайпага түшүндүрмө жазды. Ал өзүнүн аккаунтуна "башка бирөө кирип комментарий жазганын, ага жардамчыларынын да тиешеси жоктугун" билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Аксыда алты адам ууланып каза таптыБөрүбашев: Парламент базаркомдор менен банкирлердин өкүлчүлүгү болуп калды (видео)Вашингтон улуттук коопсуздук стратегиясын жарыяладыБирмадагы “эң кандуу күн”Исаков: Конституция шермендечилик менен алмаштырылып жататУКМКдан менчик ооруканага жеткирилген шектүүлөрТартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук бердиКыргызстандагы кымбатчылыктын беш себебиБекешев Матраимовду колдоо митингине катышкан депутаттарды сындады (видео)