Аксыда дагы 10 киши ууланып, ооруканага жатты

Кыргызстандагы ооруканалардын биринде. (Иллюстрациялык сүрөт).

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы Аксы райондук ооруканасынын дарыгерлери ууланган адамдардын үйлөрүн кыдырып, бейтаптарды аныкташканын маалымдады.

Ошону менен 2-март күнү Кара-Жыгач айылындагы ашканада чогуу тамактанган адамдардын ичинен дагы 10 адам: беш аял, беш эркек 4-март күнү кечке жуук ооруканага жаткырылды. Дарыгерлердин айтымында, баарынын абалы туруктуу орто оор абалда.

2-мартта Аксы районунун Кара-Суу айылынын жыйырмага чукул тургуну Кара-Жыгач айылындагы ашканада тамактанышып, бешбармак, салат жешкен. Мындан тышкары алар спиртке суу кошуп ичишкен.

Дагы караңыз

Аксыда алты адам ууланып каза тапты

3-мартта алардын айрымдары өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан. Үч адам ооруканага жетпей жолдо, дагы үчөө ооруканага келгенден кийин көз жумган. Бир адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.

Азыркы тапта райондук санитардык-эпидемиологиялык кызмат, аймактык оорукананын дарыгерлер иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Дагы караңыз

УКМКдан менчик ооруканага жеткирилген шектүүлөр

Аксы райондук ички иштер бөлүмү фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кара-Кечедеги коррупциянын бети ачылдыМирзиёевге көлөкө түшүргөн эрке күйөө балаИсаков: Конституция шермендечилик менен алмаштырылып жататБөрүбашев: Парламент базаркомдор менен банкирлердин өкүлчүлүгү болуп калды (видео)Кыргызстан «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кошулдуБиринчи ирет: Сот бийлигинин төрайымы “кол тийбестиктен” ажырадыВашингтон улуттук коопсуздук стратегиясын жарыяладыБирмадагы “эң кандуу күн”