Чолпон-Атада көкбөрү мелдеши өтүп жатат (видео)

Мелдештен бир көз ирмем. Чолпон-Ата шаары. 17-март, 2021-жыл.

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште жогорку жана биринчи лигада 3-орунду алган командалар белгилүү болду.

Бүгүн, 20-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда коло байге үчүн болгон оюндарда биринчи лигада “Бакубат Талас” “Сокулукту” жеңди (6:6, буллит 3:0).

Жогорку лигада “Сары-Өзөн” "Ала-Тоону" 5:4 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.

Жогорку лигада 5-6-орун үчүн беттеште Баткендин "Жаш Күч" командасы Ысык-Көлдүн "Мурас" командасын 3:2 эсебинде жеңди.

Нооруз майрамына арналган Көкбөрү мелдеши 17-мартта башталган. Биринчи лигада 13, Жогорку лигада 6 команда ойноду.

Финалдык оюндар эртең, 21-мартта болот. Биринчи лигада "Жети-Өгүз" менен “Кара-Буура” (башталышы: 10:00), жогорку лигада "Достук" менен "Ынтымак" (башталышы: 15:00) беттешет. Бул оюндарды "Азаттык" социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу түз эфирде чагылдырат. Бул күнү көкбөрүдөн сырткары эр эңиш, ат чабыш, салбуурун өңдүү улуттук оюндар болот.

“Нооруз 2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шер жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналат.

Нооруз майрамынын урматына уюштурулчу көкбөрү мелдеши 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган. (GT/ECh)

Дагы караңыз

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чегиндеги Сай тилкесинде абал туруктууБишкек милициясы “Таксим” кафеси боюнча түшүндүрмө берди“Инстаграм”, “Фейсбук Мессенжер” жана “ВотсАпп” тиркемелери үзгүлтүктөн кийин ишин калыбына келтирди "Хюман Райтс Уотч" уюму Азербайжандагы армян туткундары үчүн кабатырАКШ-КЭР: Аляскадагы сүйлөшүүлөр кызуу жүрүүдөЧекит коюлбаган чек ара чыры Пакистандын премьер-министри COVID-19 вирусун жугузуп алды Өзгөндө адам өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды