Казакстанда коронавирустун тез жайылуучу жаңы штаммдары катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы шаарында коронавирустун британиялык жана түштүкафрикалык штаммдарына окшогон түрү катталды. Бул тууралуу шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдиргенин 27-мартта “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

Бекшиндин айтымында, жаңы штаммдар коронавирустун буга чейинки штаммдарына караганда жугуштуу экени, 70% тезирээк жайылары аныкталды.

Калкынын жалпы саны 19 миллионго чамалаган Казакстанда COVID-19 вирусу 289 миң адамга жукту, алардын 3217си каза болду.

Оору жуккандардын 13 миңге жакыны Алматы шаарында. Бул калаа оорунун жайылышы боюнча “кызыл зонада” турат. Илдетке каршы эмдөөдөн өткөндөр Алматыда 12 миңдин тегерегинде. (RK)

Дагы караңыз

УКМК: Ошто маңзат ташыгандарды калкалаган милиция жетекчиси кармалдыЖапаров чек ара боюнча чечимди тарыхый кадам деп бааладыМурдагы депутат Исхак Масалиев УКМКда сурак берди Кезектеги кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү жакын арада Кыргызстанда өтөт