"Мегаком иши": Текебаев менен Чотонов акталды

Өмүрбек Текебаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 13-апрелде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду актаган чечим чыгарды.

Жараянда прокуратура Текебаев менен Чотоновдун "Мегаком ишине" байланыштуу коррупцияга тиешеси бардыгы далилденген жок деген негизде айып коюудан баш тартты.

Өмүрбек Текебаев прокуратуранын мындай кадамы күтүүсүз болгонун билдирди.

Эки саясатчы 2017-жылы «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде коррупцияга айыпталып камалган. Ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгышкан. Иш кайра кароого райондук сотко жиберилген.

Адвокаттар алардын укуктарын калыбына келтирип, соттолгон жылдардагы айлык-акыларын төлөп берүү, Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу өтүнүч келтиришкен.

Саясатчылар өздөрүнө козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу катары баалап келишет. (NT)

Дагы караңыз

Таласта төрт партия шайлоо жыйынтыгына нааразыЖергиликтүү кеңештерде аялдарга төрт эсе көп мандат тиетМиннесотада Райттын өлүмүнөн кийин тутанган башаламандык токтой элекАдвокат: Прокуратура Текебаевге койгон айыбынан баш тартты