Орусия АКШнын он дипломатын өлкөдөн чыгарат

Жо Байден АКШнын вице-президенти, ал эми Владимир Путин Орусиянын премьер-министри болуп турганда Москвадагы жолугушуу. Март, 2011-жыл.

Бул АКШ тарабынан 15-апрелде киргизилген санкцияларга жооп экенин Мамдуманын эл аралык иштер комитетинин төрагасынын орун басары Алексей Чепа "Интерфакс" агенттигине билдирген.

«Албетте, биз дагы он кызматкерди чыгарабыз. Биздин ички иштерге кийлигишкени үчүн аларга да бериле турган жооп бар. Бул кадам эл аралык кырдаалды жакшыртпаса да биз ага барууга аргасызбыз», - деди Чепа.

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы мурдараак Орусияга карата санкцияларын кеңейтерин билдирген. Ага ылайык, «кара тизмеге» соңку президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет кылып, өкмөттүк мекемелердин сайтына каршы киберчабуул уюштурганы үчүн айрым орус чалгынчылары киргизилет. Андан тышкары Вашингтон он чакты орус дипломатын өлкөдөн чыгарганы жатат.

АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы өлкөдөгү банктарга жана башка каржылык уюмдарга Орусиянын банктарында чыгарылган облигацияларды жана рублди алууга тыюу салган.

АКШнын өнөктөштөрү жана НАТО Вашингтондун бул аракеттерин колдоого аларын билдиришти.

Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаков АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливанды сүйлөшүүгө чакырып, «Москва санкцияларга кескин жооп бере турганын» эскерткен.

Дагы караңыз

Театр: Адали жана канышага ышкысы өчпөгөн 90догу зергер Франция жарандарына Пакистандан чыгып турууну сунуштадыТүркмөн президенти эми парламентти да башкаратӨзөктүк келишим: Ирандын кооптуу билдирүүсү«Ак шумкалардын» күттүргөн беттеши«Бийлик Матраимовду жоопко тартууга кызыкдар эмес»Айзаданы өлтүргөн Замирбек Теңизбаев 2019-жылы башка эки кызга кордук көргөзгөнАйзаданын өлүмү: Зомбулукка каршылар чабуулга кабылды