Талас: сууга аккан эки жаштагы кыздын сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта сууга акканы кабарланган эки жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 1-май күнү саат 22:45 чамасында Манас районунун Арал айылындагы дарыяга агып кеткен наристени куткаруучулар беш саат издеп табышкан эмес. Бүгүн таңга жуук кыздын сөөгүн туугандары табышты.

12-апрелде Таластын Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында да эки жаштагы кыз сууга агып кеткен. Анын сөөгү табыла элек.

Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жай мезгилинде), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. 2020-жыл боюнча расмий статистика жарыялана элек. (MKt)

Дагы караңыз

Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандык коом өкүлдөрү президенттерге кайрылдыПравослав христиандары пандемия шартында Пасханы белгилешүүдөЧек арадагы тиреште 100дөй турак жай өрттөлгөнОтунбаева абалды курчутуп албаш үчүн элди сабырдуулукка чакырдыУКМК Тажикстан кыргыз айылдарын авиаракета менен атканын билдирди